уурулук
- Бирөөнүн же коомдун малын, мүлкүн ж.б. уурдап алуучулук.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Малды сүрүп чаткалдан, / Уурулук кылды ар качан, / Ийри колун тартпастан, / Же ушак айтты тынбастан, / Оймоктой оозун жумбастан” - / Муну ойлоп Манастын, / Чынаачанын Кыйбаны, / Чапканы ойго сыйбады, / Ошол үчүн бул ишти, / Элебеди кабылан, / Анча-мынча бир иш деп, / Кенебеди кабылан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Бириң аттан жыгылсаң, / Бириң келип камына, / Уурулукча жоо алып, / Карабайсың буруттар, / Өзүңдүн алы жайыңа!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
– Сен уурулугум ашык дейсиң, эмесе өнөрүңдү көрсөтүп, хандын казнасынан аттын башындай алтын уурдап кел, – дешет.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →