ууру

китептерде 50 жолу, 10 китепте
  1. Бирөөнүн же коомдун малын, мүлкүн ж.б. көрсөтпөй, билдирбей, уруксатсыз уурдап алган киши, уурулук кылууга кынык алган, үйрөнгөн киши.
  2. Уурулук.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ушакчы болбо, ургаачы, / Ууру болбо эркегиң, / Жон сомоос уңгусу, / Ушул айтаар бар кебим. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Оңолбогон чоң Отор, / Коктукаттын шаарына, / Түшүрүп Бетер жөн койбой, / Курсагы тойор аш болбой, / Сүйүнүп кулак кош болбой, / Баштагыдай чоң Отор, / Жагалданып оштонбой, / Батай менен Катайдын, / Ордосуна барыптыр, / Ууру кылган канчыктай, / Кылмышкер болуп алыптыр, / Сыр алдырбай кишиге, / Ордого кирип барыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…р эмес, / Ак калпак кыргыз биздин эл, / Пейли бузук эл эмес, / Колго тийсе кош болгон, / Кишинин баары сен эмес, / Ушул кылган жумушуң, / Адам кылар иш эмес, / Ууруча барып айлыңа, / Кол салуучу мен эмес. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
деп, / Кебинен ууру кармайбыз, / Көрсөтүп туруп көп элге, / Тууну кызыл кандайбыз, / Чойтолоңду ошентип, / Туйундурбай жайлайбыз, / Чойтолоңдун ордуна, / Тазкараны шайлайбыз, / Өз майы менен балыктын, / Өзүн антип майлайбыз, / Ошондо элди кармайбыз. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
Кой көрдүңөрбү дейт тура, – деп уурулар баланы кармап алып эсин оодара урушат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →