ууртам
- Бир ууртоого ылайык келген өлчөм.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…дан жеткин,-деп, / Кокондон өтүп кеткенде, / Баралбай анда калдың,-деп, / Бозуулга кошуп Бешуулду, / Беш күнгө дейре тургуң деп, / Келген ханды түшүрбөй, / Бир ууртам суу ичирбей, / Айкыртып сүргүн,- деп, / Келери - Төштүк, Керкөкүл, / Үрбү, Агыш, Музбурчак, / Бул жерлерге келе албайт, / Карап жүрө бербегин, / Келет деп алар…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ачкын, балам, оозуң, — деп, / Оозумду ачсам-ичкин, — деп, / Бир ууртам сууну маа берди; / Суу тамактан кылт этип, / Көз ачылды жарк этип, / Көкүрөгүм коолдоп, / Көөн ачылып шаңк этип, / Эже, сүрөө турмайлык, / Кошо айттым маанисин, / Токтоосуз окуп шар кетип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Таласка Жакып барганда, / Бир көзүңдү олойтуп, / Бир жагыңды чолойтуп, / Кененимди баш кылып, / Мен дегенди кошултуп, / Чоң чарага мууздатып, / Канга камыр жуурутуп, / Бооруңду майга куурутуп, / Ысуулай жүрөк каныңды, / Эки ууртамдан чубуртуп, / Каратып туруп кыргызга, / Как ошентип жебесем!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
Арып чарчап келген кишилер, келер менен ары-бери камтып, бирдеме ууртамыш болдук да жата кеттик...
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →