уурт

китептерде 14 жолу, 7 китепте
  1. Эриндин кычыктары, кычыктын айланасындагы жумшак эттүү бөлүк.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Көөдөнүн өөдө көтөрүп, / Көйрөңсүп Бетер кеп салды, / Отордун атын укканда, / Ачуусу келип Чигитей, / Кара бойу калтылдап, / Өрттөй көзү жалтылдап, / Азуулары кычырап, / Ууртунан көбүк буртулдап, / Титиреген немедей, / Токтоно албай солкулдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Кабааган иттей арсылдап, / Азуулары кычырап, / Жулкунуп турат токтобой, / Ооздорунан көбүгү, / Ууртунан агып буртулдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Алдында минген кызыл лөк, / Жүрүшү мунун бир бөлөк, / Төрт таманы талпылдап, / Жатканы кумду сапырат, / Эки көзү жаркырап, / Азуулары качырап, / Ууртунан көбүк буртулдап, / Минген ээси Терекбай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Кара жаак чечен кул, / Ууртунан суу чыгып: / “Эй, ушул турган агалар, / Бала төрө Үмөтөй, / Кыла турган кебим бар, / Айткан кепке жараңар, / Барың мени караңар! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Көптөн кийин элдин мен жак четинде отурган бир буурул сакал ууртунан майын чубуртуп чайнап жатып мени көрүп калды да, тагдырыма түшүнө койгондой: Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →