уурдан
- Эч кимге көрүнбөй, билинбей, жашыруун аракет кылуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Караңгыда Асыл шер, / Машыгып бышкан кеменгер, / Тукумуна Манастын, / Кандай айтсаң эп келер, / “Караңгыда калдырап, / Келди калмак бул жерге, / Беш бөлүнүп душмандар, / Жөнөгөн белем уурданып, / Таласка барып чабуулга, / Эркин элге тийерге?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кангайдыга хан Чиктей, / Кадигине албаптыр, / Атайлап издеп барбаптыр, / Жаның калып жай алып, / Балжууран, ышкын терип жеп, / Курсагың тойуп жал алып, / Кайта барып уурданып, / Хан Чиктейди алыпсың, / Уктап жатса өлтүрүп, / Жеңдимдеп элге барыпсың, / Уктабай басып турганда, / Кантип алың келалсын?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Күркүрөтүп найзасын, / Куунайза беттеп баратат, / Куунайзаны кокустан, / Көмүскөдөн чыгарбай, / Алдынан Тапак барбайып, / Чыга калды ат салып, / Кара тоодой калдайып: / — Токтой турчу Куунайза, / Уйат болот баатырга, / Уурданып келип жоо сайса.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Уурданып барганда, / Уктап жаткан шаарды, / Уйалбай чаап алганда, / Атага наалат жетпейби.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Ирегеде бир ээрге жөлөнүп, бир бутун чала сунуп таштап, колун куушуруп, калпагын кабагына баса кийип, бирөөнүн тымызын сырын тартып отурган немедей, унчукпай гана дулуюп, үйдүн ичин көзүнүн алды менен уурданып карап отурат.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →