уула2

китептерде 44 жолу, 10 китепте уула 1 →
  1. Аңчылык кылуу, мергенчилик кылуу, балык кармоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Чатырды тигип кулпунтуп, / Шамаал чайкап жулкунтуп, / Кайыпты уулап бөлүнтүп, / Агызып канын төгүлтүп, / Кыр-кырда жүргөн Жедигер, / Турнабай менен көрүшүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Дабытайга эп келсе, / Коросон испан бириксе, / Алы келбес кыргыздын, / Эр Кененим, Саламат, / Бактыбай, Сүйүн, Чолпонбай, / Булар барат калалбай, / Эркибизче уулайбыз, / Аз кыргызды жайма жай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Тузакчы бар токойдо, / Кыргоол уулап кармаган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Отуз күн жатып адырда, / Кайберенден уу уулап, / Ителгисин куу-куулап, / Ит агытып акырык, / Тоо жаңырган бакырык, / Талаада жүрүп, деми сууп, / Жетисууга кетмекке, / Аттанып чыкты чубуруп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Жүргөн экен хан Кыйаз, / Аң уулаган баштанып, / Канчорону көргөндө, / Хан Кыйаз кетти кубанып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →