ууз
- Туурдун, төрөрдүн алдында жана туугандан, төрөгөндөн кийинки биринчи мезгилдерде чыгуучу коюу сүт.
- өт. Жаш, жаңы, жетиле элек.
- өт. Таза, кирсиз.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ — Барган жерим бакты го, / Кыз көөнүмө жакты го, / Ала турган келиниң, / Карахандын кызы экен, / Каныкей деген ууз экен, / Кудалашып сөз байлап, / Кулдук уруп баш байлап, / Кудалашып кайттым го, / Кыз атасы Карахан, / Санаксыз калың айтты го.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Чыкпай койсоң каралап, / Тиктеп турсаң сагалап, / Чүрөктү ууздап жатат, деп, / Элиң мындай айтпайбы?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Сабага кымыз ачытат, / Чыкканча үркөр жеринен, / Ууз кымызга канышат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →