утуру
- Бет маңдайынан, алды жагынан.
- Улам-улам, кайра-кайра.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ичи ачып, боор ооруп, / Кары-жашы дебестен, / Утуру келген немесин, / Боорунан кармап тилели, / Тулпарын кармап минели, / Тузуна мунун сийели, / Манасынын күмбөзүн, / Отко жагып ийели, / Коңурбай кирбес сыр корг…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Өпкөсүн кармап колуна, / Байбичеси Зулпукан, / Баш казанчы Калемкаш – / Баарысын мунун жалбартып, / Утуру чыгып, Шоорук хан, / Өзүңдөн бетер мени сен, / Эми койдуң саргартып!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Жакыптын уулу жайдардын, / Жайылтып маңдай айдарын, / Утуру келген бир топтун, / Алдында онун сойуптур.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Утуру келген буларга, / Өлүмдүн үйү табылар, / Каршы келсе маңдайга, / Мындан качып кетчү ким?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →