утурла

китептерде 6 жолу, 3 китепте
  1. Бет ала чыгуу, алдынан каршы чыгуу, алдын ала аракет кылуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…н сырдашып, / Кана, Бакай курдашым, / Байатадан бир ишти, / Байкабадың, туйбадың, / Ат жетелеп, тон алып, / Ар жактан келди бир катын, / Жолун тосуп алдынан, / Утурлады бир катын, / Туткатташты бир далай, / Айтчы, Бакай, угайын, - / Анда Бакай муну айтат: Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Так алдынан жолгошуп, / Коңтөрөнү көргөндө, / Кылычын салып кынына, / Найзасын алып колуна, / Утурлай чыкты жолуна. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Оорагы жок күчү көп, / Колу бейбаш шок мурун, / Каныкейден кеп уккан, / Канча кепти анда уккан, / Эр Төштүктөн эми угуп, / Элөөрүп калды жулунуп, / Экөөнү экөө жетелеп, / Эшиктен чыкты чубуруп, / Утурлай басып Бокмурун, / Учурашып жолугуп: / — Агыш күйөө, Керкөкүл, / Бул эмине ишиңер? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Сени утурлап, Абыке, / Келе жаткан мен эмес, / Жолду карап чакыйып, / Жалжылдады нечен көз, / Таласка жакын жер эмес, / Жолуктуң жолдон мага кез. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Биз жакындай берген кезде, алдыбыздан утурлап келип: Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →