уттур

китептерде 7 жолу, 2 китепте
  1. Оюнда, спорттук мелдештерде ж.б. жеңилип калуу, жеңдирип коюу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Сөзү менен желмогуз, / Тапан ханды эритет, / Айта берсе түгөнбөйт, / Андан чыгат далай кеп: / — Чойтолоң айткан Куткарбас, / Азуулуу жолборс-шер болсо, / Азуусун айга бүлөгөн, / Ааламды бузар эр болсо, / Жүз миң колго баш болсо, / Сейитимче жаш болсо, / Көөнүмдү сага уттуруп, / Жаныңда турам мен болсо. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
Хан эми өзү жашынганын да таптырып, Чыныбек жашынганда таба албай, аялын уттуруп ичи күйүп, хандыгына таянып аялын бербей койду. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →
Эгер уттурсаң мал-мүлкүн биздики болот, – дешет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →
Кандын уулу макул болуп, алар менен ойноп уттуруп жиберет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →
Курсагы ач, ичерге тамак жок, кою кырылып, чүкөсүн уттуруп, ичи күйүп уктай албай коёт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →