ут

китептерде 140 жолу, 10 китепте
  1. Ар түрдүү оюндарда же спорттук мелдештерде жеңүү, жеңип чыгуу.
  2. Оюнда же заём, лоторея утуштурганда тиешелүү өлчөмдөгү утушту алуу.
  3. Пайда көрүү, артыкчылыкка жетишүү, ийгиликке жетишүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Аңгычакты чыгыштан, / Алты бөрү бет келди, / Аркасынан ээрчиген, / Бөлтүрүгү көп келди, / Утур келген мал койбой, / Түгөтө такыр жеп келди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…рбай, / “Алгандын иши алган, деп, / Душмандын качан бир кылым” / Шаңкай деген кыргыздын, / Бир уруусу эл эле, / Жетисуу менен Коросон, / Ортосунда турчу эле, / Утур келип ал жерге, / Шаңкай кыргыз элдерге, / Кененимге айткын, деп, / Азабыңды тарткын, деп, / Адамына тийбеди, / Басып жүргөн тирүү мал, / Сандыктагы алтын зар,… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Эр Гүлүстөн бир күнү, / Карабуура Чаткалдан, / Бүркүт салып келаткан, / Утур чыкты алдынан, / Катуу жүргөн бир адам. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Семетейдин өлүгү, / Кай кеткенин биле албай, / Казып көргө көмө албай, / Кан ичме жинди утургур, / Канчоро калды туралбай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Вазирдин кызы ойноп аларды утуп алат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →