устун
- Сомдолгон, бутактары жок узун жоон жыгач.
- Үйдүн төбөсүнө, потологуна коё турган узун жоон жыгач.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Эки көздүн чуңкуру, / Лоптун бүткүл көлүндөй, / Сакал менен муруту, / Сагыранын чөлүндөй, / Бетинен чыккан ыдыгы, / Айателдин чөлүндөй, / Манжасы жок таманы, / Таманы пилдин бутундай, / Колдору ийри буурсундай, / Эки буттун жилиги, / Тамга арткан устундай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Сайдырып найза баатырга, / Керишип кулач жаа тартып, / Устунга илген жамбы атып, / Жыргалга батып сайрандап, / Бейкут, бейпил тынч жатып, / Кемпири майга карабай, / Келини каймак жалабай, / Кыргыздын толгон кези экен, / Улагадан агып май.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Чоң устундай байкалып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Колдору бар буурсундай, / Буттары бар устундай, / Көтөрсө мурду кеңкийип, / Казып койгон ыштыктай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Сарпоштоп устун жаптырып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →