устукан

китептерде 8 жолу, 6 китепте
  1. Сыйлуу конокторго тартылуучу жилик.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Турган бойу баары күч, / Төрт жүз кырк төрт устукан, / Куйуп койгон чойундай, / Үч жүздү койуп жиберди, / Билеги талып нойубай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Амалсыз туруп бересиң, / Эки көзүң жалдырап, / Сөөгүң сөпөт болосуң, / Устуканың шалдырап! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Карап туруп Жамгырчы, / Төрт кишиге туураткан, / Устуканы калбады, / Жакыптын уулу Чоңжинди, / Колуна тийген жиликти, / Оозуна эки салбады, / Эти-чыгын калтырбай, / Такыр баарын аймады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Он ай муну көтөрүп, / Омуртка сөөгүм зыркырап, / Айрыкча толгоо тартканда, / Ушаланып устукан, / Кайран жаным чыркырап, / Азап тартып жатканда, / Каралашып койгун, деп, / Жибербейсиң бир киши, / Бүгүн бала керекби? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Анткени, жакында бирөө мага устукан бере койгон жок. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →