уста
- Өз ишин абдан мыкты билүүгө жетишкен кылдат адис, чебер.
- Темирчи, жыгаччы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Алтын чырай нур бети, / Аттанып бура тартарда, / Күүгүмдөкү устадай, / Көк жашыл тартып көрүндү, / Жалгыз кара бир башы, / Капкайдан келген чоңдорго, / Жалтанбастан өмүлдү, / Жан соогалап кылчайбай, / Бул айылдан бөлүндү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Салмоор менен таш урган, / Жазбай кара башка урган, / Таштын үнү дуулдап, / Барскандары жонулду, / Уста келет балбаңдап, / Араалары колунда, / Жыгаччы келет салбаңдап, / Этегин өөдө түрүнүп, / Күрөгүн ала жүгүрүп, / Сугатчы келет тартаңдап, / Белин бекем курчанып…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Усталарды жыйыңар, / Жыгачтарды кыйыңар, / Көпүрөнү бүтүрүп, / Бир жакшылык кылыңар, / Каныкейдин иши деп, / Кылымга калсың мунуңар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Чапканына чыдабай, / Чандан уста кырылган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Мындан башка жумушка кирүүнүн ордуна элдин көбү жоого аттанчуудай ат жаратып минип, ээр токумун жабдып, айбалта, найза жасатып, күн-тун дебей чакылдатып, усталарды узантып жаткан сыяктуу.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →