уруулуу

китептерде 2 жолу
  1. Ар түрдүү уруусу бар, уруулары көп.
  2. Ар түрдүү, түркүн-түркүн.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жылдан-жылга жыл өтүп, / Эли кетти көбөйүп, / Ар кайдан келип олтуруп, / Кырк уруу болду бөлүнүп, / “Кырк уруулуу элим”, — деп, Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
“Кырылбай жооңду кыргын”– / Кырк уруулуу кырк жүзгө, / “Кыргыз” деп Мамай ат койду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →