урун

китептерде 37 жолу, 10 китепте
  1. Башка бир нерсеге тийүү, кагышып калуу.
  2. Көзгө көрүнүү, көзгө чалдыгуу, учуроо.
  3. Пайдалануу, колдонуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Башы туйук жери кең, / Аккан агын суусу бар, / Таштан ташка урунуп, / Күпүлдөгөн доошу бар, / Айагы кууш аскалуу, / Коо болуптур Бекбача. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Сыпаты башка бир бала, / Сурмасы көзгө урунду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Буулугуп калган кезиби, / Урунарга тоо таппай, / Урушарга жоо таппай, / Айдарына мал таппай? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Чалкадан жаткан чоң дөөнүн, / Төшүнө чыга калганы, / Жан талашып бадырек, / Колун серпип алганы, / Чыпалак тийсе урунуп, / Чылбыр бойу алыска, / Чубак учуп барганы, / Өлдү Макил ушинтип, / Өзөктөн чыгып жан-маны. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Торгойдон бетер сүйлөнүп, / Чөйрөсү менен тал агып, / Үстү менен сал агып, / Жаш балаты карагай, / Башы көтүн карабай / Тамыры менен суурулуп, / Жарга келип урунуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →