уруксат

китептерде 135 жолу, 10 китепте
  1. Кандайдыр бир ишти иштөөгө, жөнөөгө ж.б. макулдук.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Байрагын таанып кыргыздын: / «Кандай жумуш билем, — деп, / Бекбача баатыр бар болсо, / Уруксат кылып жол койсо, / Нурзат шаага барайын, / Периден алып аскерди / Ким да болсо душманга, / Чоң бүлүктү салайын, / Муну ойлоп Кызылкыз, / Кылымда мындай табылгы… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
деген, / Кулакка кеби угулуп, / Кайра тарта басканда, / Улугу анын Кубатай, / Кулагы угуп калыптыр: / — Кулжуңдаган чунак кул, / Менден болбой уруксат, / Барар болсоң кыргызга, / Убара болбой жата тур, / Кой, Балтыркан кой! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Ырамандын Ырчы уулу, / Чыйрактын бири болучу, / Уруксат алып Бакайдан, / Удаа кирди мына бу. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жалманбозду чуратып, / Кабылан Бакай алдына, / Камчысын сүйрөп чубалтып, / Келип түшө калды эле, / Уруксат сурап барды эле, / Кабылан Бакай муну айтты, / “Койгун балам — деп айтты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Кан көпчүлүк элден чыга албай кызга уруксат берүүгө амалсыздан макул болот. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →