урук
- Үрөн, үрөндүк дан, тукумдук дан.
- Уруу, тукум.
- Ургаачы балыктын майда-майда тукумдук жумурткалары, икра.
- Адамдын, айбандардын эркектик тукумдун суюктугу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Алаш уулу болгондун, / Он төрт ханы чогулду, / Чыгыштагы беш урук, / Мен батыштан кошулуп, / Түштүктөн испан, оогандык, / Сегиз хан эли чогулдук.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Касиет, калка бир тууган, / Албан, кызай - эки урук, / Казак андан туулган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…ды, / Андан кала бергенде, / Карылардын айтканы: / Атактуу Коңур алп баштап, / Нескара менен Мурадил, / Уушаң өңдүү зор баштап, / Түп Бейжинге калтырбай, / Беш урукту бүт айдап, / Таласка келип алалбай, / Же муунуп өлүп калалбай, / Жатындашы Ороккыр, / Нескара менен Мурадил, / Сен калмактын Уушаңы, / Коңурбайдан башкасы, / Б…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Айжаңжүндүн баатыры, / Өзү манжу уругу, / Жоо сагынып буулугуу, / Малуна деген бар экен, / Өз алдынча зал экен, / Бет алган жакка чаң салган, / Белдүүнүн бири ал экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Менин элим төрт урук, / Эки уруктун улугун, / Сейит койду өлтүрүп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →