урматтуу

китептерде 18 жолу, 7 китепте
  1. Кадырлуу, ардактуу, жогорку даражадагы .

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Урматтуу казак элиңди, / Өзгө журтка кар кылып, / Жайнаган колуң бул турса, / Калкыңды ага зар кылып, / Басарга калбай бош жери, / Кең дүйнөсүн тар кыл, / Бул кылышың жакшы эмес, / Арамдык кылган мен эмес, / Адал ашка күмөнсүп, / Сен Медеркан, киши эмес! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Алмамбет анык эр экен, / Албарсын кындан сууруду, / Катышкан кулду талкалап, / Каргадай башын кутултту, / Урматтуу ханым, окуйа, / Ушундай болду – деп турду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Күмбөздүн көрүп караанын, / Урматтуу баатыр кыз балбан, / Атынан түшүп жетелеп, / Тизеси жерге бүгүлүп, / Урмат кылып жүгүнүп, / Күмбөздү көрүп туралбай, / Көзүнүн жашы төгүлүп: / — Атагы алаш бол… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Жете барып Гүлчоро, / Урматтуу күлүк Буурулдун, / Чылбырынан кармады, / Чырмалып тура калганы, / Чыркырап бала ыйлады! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
…лу жок болсун чолоңдоп, / Бокор болсун кодоңдоп, / Сокур болсун олоңдоп, / Узун болсун сороңдоп, / Мулук болсун молоңдоп, / Ороо болсун короңдоп, / Улук болсун урматтуу, / Сулуу болсун сымбаттуу, / Асыл болсун кымбаттуу, / Сындуу болсун сымбаттуу, / Учкул болсун канаттуу, / Тулпар болсун атактуу, / Жазда өнгөн жалбырак, / Күз … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →