урматта
- Ардактоо, кадырлоо, сыйлоо, урмат көрсөтүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Иниңди баккын урматтап, / Кызыңды баккын кымбаттап, / Элиңди баккын туз актап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Элим ооган парыс уулу, / Мен оогандын улугу, / Ырыскан атым уга кал, / Урматтап сени чакырдым, / Шоорук хан ага, келе кал.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Элдер айран калгандай, / Уккандар кебин салгындай, / Урматтап сени узатсам.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Көркү тартып таңданткан, / Күжүлдөп турган элиңиз, / Күркүрөткөн жолборсту, / Көкжалым сиздин демиңиз, / Урматтаса кыйылып, / Кыркылып чөптөй душмандар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Айттым ини бар кебим, / Ошол менин келгеним, / Келгенимди урматтап, / Каңгайлыкка тааныттың, / Жүгүнүп салам бергениң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →