ургаачы

китептерде 74 жолу, 8 китепте
  1. Жынысы жагынан эркекке карама-каршы ар кандай жан.
  2. сүйл. Аял, кыз.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ушакчы болбо, ургаачы, / Ууру болбо эркегиң, / Жон сомоос уңгусу, / Ушул айтаар бар кебим. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…ай калды кубулжуп, / Бирин-бири сурашып, / Өзүнүн атын тааныбай, / Чылбырларын талашып, / Арстан шерге туш кылып, / Койгон экен Канышты, / Кудай өзү жаратып, / Ургаачы мындай болбойт деп, / Көк көтөрө баалашып, / Бастырып жөнөй берерде, / Абаң Бакай муну айтты: / — Айкөл Манас арстаным, / Айбаты журттан ашканым, / Колбуган эл… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Сейити жаш, сен кары, / Көңүлү түшсө ургаачы, / Кары-жашын ылгайбы? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Сейитекти түшүрдү, / Бар кийимин чечтирди, / Сак жери жок бир жери, / Ушул дары ууга деп, / Куйалыда бар экен, / Ургаачы жолборс сийдиги, / Сейитекке ичирди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Нар болбосо, төө болсун, / Ургаачысы болбосун, / Кары аралап калбасын, / Арыгы анда барбасын, / Миңден санын кемитпе, / Убада кыл беришке, / Ортосу алыс, жол чалыш, / Кыргыздан киши чыкпайт го, / Жылда мында келишке. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →