уран

китептерде 6 жолу, 4 китепте
  1. Радиоактивдүү химиялык элемент.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…скерип найза чунайтып, / Топчу кулак кер атты, / Аркадай арыш алдырып, / Алты катар аң келсе, / Алты аркан бойу жар келсе, / Кабаттап аттай чуратып, / Манастап уран чакырып, / Жеткен жерде Бактыбай, / Моңгулардын Калдаңды, / Кара кытай Кампалаң, / Катар сайды сулатып, / Манас деген үндү угуп, / Бекбача артын караса, / Чалд… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Экөөңдө кылыч жаркылдап, / Экөөндө балта жалтылдап, / Экөө найза сундуруп, / Күркүрөгөн найзанын, / Күүсү кулак тундуруп, / Шамал болуп дуулдап, / Маңгыттап уран чакырып, / Чаркаргадай чуулдап, / Касабасы калкылдап, / Аргымактар алкылдап, / Айгай сүрөөн бакырык. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Каңгайдын атын укканда, / Калдайлап уран чыкканда, / Уйкулуу көзүн ачыптыр, / Карбаластап калыптыр, / Жыгылып мүргүп турушуп, / Кочкордой маңдай койушуп, / Далдастап булар турганда, / Алмамбет кылды жарлыкты: / — Ат–атыңды карма! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…ой шаңданып, / Камынып турат кайран шер, / Сырнайзаны колго алып, / Телкүрөң менен сыздырып, / Сырнайза күүсүн ышкырып, / Жүрөгүн албай болбойт деп, / Манастап уран чакырып, / Жаркабакка жаш арстан, / Жаман тийди жапырып, / Жаркабакка сайдырбай, / Өтө берди жазгырып, / Атынын оозун бургунча, / Сырнайзаны сооруга, / Муштап … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Гүлчородон айрылса, / Кыргыздын иши оңорбу?”- / Деп ойлонуп эр Семең, / Тай буурул менен бурулуп, / Сыр найзасын колго алып, / Манастап уран чакырып, / Манастын атын укканда, / Кутургур калды шашылып, / Ач жолборстой күркүрөп, / Абакең тийди качырып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →