ураан
- Чакырык.
- Уруу, тукум, эл.
- Жетекчиликке алынган идеяны, милдетти же саясий талапты кыскача формада көрсөткөн чакырык, лозунг.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Каңгайлап ураан чакырды, / Катуу айгайлап бакырды, / Караңгыда калдаңдап, / Кабылан эрди качырды, / Капташып кирип келгенде, / Жандап өтө берди эле: / — Кетти душман жериңе, / Кейишти салат элиңе, / Мен Торгойго кызматкер, / Чигитейге беттешип, / Айтып койгун деди эле!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Каарданып Кененим, / Абасы Гүлүс кептенип, / Заарданып Кененим, / Манастап ураан чакырды, / Тармалкөктөн солтойтуп, / Сайып өттү капырды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Ачууланып айкырып, / Ураанын айтып бакырып, / Бирин бири силккенде, / Жолум үйдөй топурак, / Обого чыгат чачылып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Манастап ураан чакырып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ “Манастап” ураан чакырып, / Ат койуп жөнөп калыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →