ур1
- Дененин өзгөчө болуп уркуюп чыгып турган бөлүгү.
- Уюл.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Аттын башын оң тартып, / Бекбачага баш уруп, / Жүрүп кетти Бактыбай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Чубак, Сыргак бой уруп, / Аралап кирди көп элге, / Адам аккан бул селге, / Торун топтоп кармашып, / Тобу менен жармашып, / Эр Сыргакка он миңи, / Тегеректеп тор салып, / Канча тордун ичинде, / Сыргак калды капталып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ “Теңири бирге теңтуштун, / Тебелеп урсаң – ойун”, дейт, / Канчоронун кылыгын, / Гүлүсүм анын бири дейт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Ушунда жүрүп кай бир күн Алымжан үйүндө боло калган кездерде Ак-Сууда калган инилерим жайынан кеп уруп, «Ушуларды алууга бир маркабатыңыз тиер бекен» — дегендей кылып сөздүн четин чыгарып коёр элем.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
– Менин өнөрүм: тоодогу айбанаттардын баарын таш менен урсам, өлбөй калбайт, – дейт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →