упчу
- Ымыркайды убактылуу алаксытып сордуруу үчүн атайы ылайыкталып жасалган кичинекей туюк резина түтүкчө.
- Бөтөлкөнүн оозуна кийгизип, жаш балдарга же жаңы туулган козу-улактарга сүт берүү үчүн колдонулуучу туюк уч жагында кичинекей тешиги бар резина түтүкчө.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жез барабан кагылып, / Жердин бети жаңырып, / Мурун мындай көрбөгөн, / Адашып эстен жаңылып, / Манжулардан Каман алп, / Жекеге чыкты камынып, / Кара бойун упчулап, / Капталынан топчулап, / Минген атын камчылап, / Каары катуу чочконун, / Көзүнөн каны тамчылап, / Үксөйүп башка чыккан чач, / Өңөргөнү бадырек, / Жолум үйдөй …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Каптан кийип күрөкө, / Топчулугун топчулап, / Тулку бойун упчулап, / Туулгасын көмөрүп, / Чоң найзаны өңөрүп, / Дардаңдын кылган ишине, / Жаны ачып карарып, / Жан-жагына каранып, / Бактыбайдан бата алып, / Бастырып чыкты карданып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Жер кашатты бетке алып, / Жыдыман менен кароолду, / Так өлчөлүү ченге алып, / Чендеп доңуз караса, / Топчулугун топчулап, / Кара бойун упчулап, / Каарына карк толуп, / Көзүнөн чыккан учкуну, / Төбөсүндө көрүнүп, / Анык байкап караса, / Ок өтөр жери жок болуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Ардангандан Тапан хан, / Алдында атын камчылап, / Кара бойун упчулап, / Найзасын күүлөп алганы, / Качырып жөнөп калганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Оозунан көбүк буркулдап, / Соотун оңдоп курчанып, / Бүткөн бойун топчулап, / Кара бойун упчулап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →