унчукпас
- диал. Кек мылтыгы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ошондон бери карата, / Чыйралсын деп катыгып, / Унчукпастан мен койсом, / Ордонун ханы кол жыйнап, / Барамын деп келиптир.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…/ Сырымды менин билер – деп, / Аз болгондо үч жылда, / Араң мында келем” – деп, / Жаага атчу саадактан, / Сууруп алды бир жебе: / — Бул айылда калсын, — деп, / Унчукпастан эч кимге, / Ыргытып ийди жөнөөрдө, / Элебей элдер калыптыр, / Көкөй көрө салыптыр, / Кыргыйдан мурун Торгой кыз, / Эңип окту алыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Акылы токтоп ушуга, / Кара хан болду унчукпас.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жалгыз жүрчү адаты, / Олпок тонун бөктөрүп, / Ого бетер көкжалың, / Унчукпастан көгөрүп: / “Түп атам Манас баатыр, — деп, / Мындай болсо бадирек, / Күнүгө эки киши жеп, / Түгөтөт элди такыр, — деп, / Угуп туруп бул кепти, / Барбай койсом ал жерге, / Манастын уулу Кененим, / Баатырдык атым бекер” — деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
Жол катар унчукпастан шаарды аралап отуруп, үйүнө алпарып байлап кой.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →