унчук
- Үн чыгаруу, сүйлөө, дабыш чыгаруу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кандай кылса Бактыбай, / Өзү билип кылсын — деп, / Унчукпай да кеп кылбай, / Туруп алды Бекбача.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кытайдан келди кырк миң жан, / Кыйар деген улук бар, / Ишарат менен иш кылат, / Ооз ачып унчукпай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Болгунча айтып бай Жакып, / Бакдөөлөт менен Магдымы, / Унчукпай туруп алганы, / Үйүндө жүрүп чоңойуп, / Койнунда жатып жастыкта, / Өзү менен тең болуп, / Эркин өскөн Бакдөөлөт, / Оолуга кетти томсоруп: / — Койчу, Жакып, кебиңди, / Бул кебиңди ит уксун, / Ит укпаса ким уксун.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Унчукпай туруп алганда: / — Ой Канчоро курдашым, / Мен Гүлчоро сырдашың, / Ишенгиниң нээтиңде, / Саа жамандык кылбасым.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Буга мен унчукканым жок.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →