унутулгус

китептерде 10 жолу, 5 китепте
  1. Эстен чыккыс, унутулбай турган.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Манжулар салды бүлүктү, / Унутулгус түйшүктү- / Жыргап жаткан кыргызды, / Айдатып келип жыйдырды, / Кылычтатып кыргызды, / Топ-тобу менен көмдүрдү, / Өкүмүнө көндүрдү, / Кылычында манжунун, / Кырыгздын каны дат калды, / Текес, Күнөс, Жылдызда, / Чогулуп калган таш болсо, / Кыргыз бейит ат калды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Элге салсаң бүлүктү, / Элөөрүтөм гүлүктү, / Унутулгус силерге, / Эпсиз салам түйшүктү! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Казган ор толуп түз болду, / Сазаңдагы кытайга, / Унутулгус иш болду, / Айкөл, Алмаң жарышып, / Ажатты карай ат койду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Белсенип кирсем киремин, / Эми эле боорун тилемин, / Айрылыпбыз баатырдан, / Эки иште турат күмөнүм: / Далысын ойуп как кылып, / Унутулгус сай кылып, / Таштаган окшойт бул иттер, / Эр Гүлүстү кар кылып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Укумунан тукуму, / Унутулгус доо болду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →