унуткар
- Унутуу, алаксытуу, эстен чыгаруу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жеңилип калсаң качасың, / Эс алганча жатасың, / Унуткарып күн өтсө, / Аттанып кайра басасың, / Мурасыңа алдыңбы, / Атаң Калдык адатын?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Бул унуткарылып калган кезде, биздин этегибизге топурак салып берип турган жигит, чым сайып жатып, жанындагыга кыйгачынан карап коюп:
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →