унут
- Эстен чыгып кетүүчүлүк, унутулуп калган абал.
- Эстен чыгып коюу, эстен чыгып кетүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Казынадан беш мата, / Алып чыгып Бекбача, / Нурфануга кепин, де, / Унутуп калбай айткыла, / Акылман энем Каныкей, / Өз колу менен кармаган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Атадан калган керээзди, / Асли унутуп калбайлы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Кечээ, Дүйшөмбүдө урушта, / Бирге барды кыргыздар, / Койгун десем болбоду, / Унутуп калган урушту, / Ат чабыш деп ойлоду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ “Манасты Баймат унуткан, / Кимди унутпай калсын” – деп, / Элге калды макал кеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Эки күн болду келгеним, / Кылчайып карап койбодуң, / Ак сүтүн берген саа сактап, / Уктабай түндө сак сактап, / Каныкей болду ынтызаар, / Унутуп аба, не болдуң?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →