умачта

китептерде 13 жолу, 5 китепте
  1. Ун, талкан же улпакты сууга коңур кургак кылып аралаштыруу, ыптоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…Маргалаң, / Баарын талап албасам, / Наманген менен Самаркан, / Буларга бүлүк салбасам, / Атбашыда Бактыбай, / Туйдурбастан баспасам, / Кан ичменин бири экен, / Умачтай көзүн ачпасам, / Жалпайтып баарын тебелеп, / Жыпжылма түптүз кылганда, / Менден кандай кутулат, / Жалгыз калат Бекбача». Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Колтукта калып кол тийбей, / Колу түгүл жел тийбей, / Калган Гүлүс акырып, / Кайра тийди качырып, / Гүлүстүн үнүн укканда, / Гүдүңдөгөн Кызыл алп, / Умачтай көзү ачылып, / Кучактап кармап алам, деп, / Колу мунун жазылып, / Колун жыйып имерип, / Бура тартаар чама жок, / Барып калган Суркойон, / Ооздук тиштеп нидиреп… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Умачтай көзүн ачайын, / Каның менен жиниңди, / Каратып туруп ханыңа, / Как ушул жерде чачайын! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Таттуу уйкудан Гүлчоро, / Умачтай көзүн ачканы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Көзү умачтай ачылып, кайран неме зымырылат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →