умай2

китептерде 2 жолу, 2 китепте умай 1 →
  1. миф. Обо эне, уламыштагы адам баласынын биринчи энеси.
  2. миф. Жаңы төрөлгөн наристенин, аялзатынын, төлдүн жана түшүмдүүлүктүн, коломтонун колдоочусу.
  3. Төрөлгөн баланын тону.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…н сүйрөтүп кетем, — деп, / Кесилет чочко айтканда, / Үнүн угуп Кененим: / Семетей бабам колдо, — деп, / Абам Гүлүс жолдо, — деп, / Карыйа Бакай кайда, — деп, / Умай энем Каныкей, / Көгүчкөн болуп кубулган, / Көйкапта кохар тууру бар, / Айчүрөк энем канаке, / Жаадыма түштүң силер, — деп, / Сыйынамын медер, — деп, / Анык кай… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Каныкейди караса, / Умай эне ал экен, / Семетейге серп салса, / Он төрт күнкү ай экен, / Уккан кепте болжолу, / Ал Жүсүпчө бар экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →