улутун

китептерде 23 жолу, 8 китепте
  1. Кандайдыр бир ички кейиштүү, оор сезимдин кысымынын натыйжасында үшкүргөндөй терең дем чыгаруу, күрсүүнүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Уулдун уулу Асыл дейт, / Улутун ошол алыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кантерге айла табалбай, / Шоорук хан турат улутунуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Чиктей кебин бүтүрдү, / Калгандар кепке түшүндү, / Ошол кезде Чиктей хан, / Оозунан түтүн буркурап, / Улутунуп үшкүрүп, / Кечилдин ханы үшкүрсө, / Жыйналышта көпчүлүк, / Көзүнүн жашы төгүлдү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Көктеке үнүн угуптур, / Түйүнүп Чубак чыгыптыр, / Чубактын келип жанына, / Улутунуп туруптур. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…деп, / Татандан калса Сейитке, / Беттешпесем бекер” деп, / Кайраттанып бекемдеп, / Кара көзгө кан түшүп, / Жарык күн жок үстүндө, / Түмпүйгөн кара түн түшүп, / Улутунуп ич күйүп, / Эстенип чочко үшкүрүп, / Дөөлөтү качып башынан, / Мээнеты арбып кеткен кез. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →