улут1

китептерде 13 жолу, 5 китепте
  1. Тили, территориясы, экономикалык турмушу жана психикалык мүнөзү жагынан байланыштуулугу негизинде келип чыгып, ал маданиятынын жалпылыгынан көрүнгөн, тарыхый түзүлүшү бар эл, калк.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…йүп ачылып, / Азуулары качырап, / Илебин чыкты кызталак, / Маңдай тери бырышып, / Асыл шерди көргөндө, / Куйкалары курушуп, / Доолбасын карс уруп, / Ач бөрүдөй улутуп, / Күүлөп алды найзасын, / Бир сайгандан чыгарбай, / Алып көнгөн канчасын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
башындай түйүнчөк, / Колуна алып имерип, / Дубалап күндү жиберип, / Булуттун баарын бурултуп, / Бурганак мөндүр куйултуп, / Алай-дүлөй борошо, / Бөрүдөн бетер улутуп, / Турган жандын баарысын, / Койнун карга толтуруп, / Көнөктөп сууну куйгандай, / Асмандан жамгыр төгүлүп, / Өркөчтөнүп ылайлап, / Аккан селдер көрүнүп, / Капт… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Өз атасы Кененим, / Кызыл алпты баш кылып, / Жети дөөнү курутту, / Жетим кылып өзүңдү, / Жолбун иттей улутту. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Улутуп эки зайыпты, / Өз журтуна таштады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
…ыздан келип Сомбилек, / Далай жерди курутту, / Куршугум менин кармады, / Соо койбоймун бурутту, / Чоң Буйтаны баш кылып, / Көптүн көзүн жаш кылып, / Катындарын улутту, / Жетим кылды балдарын, / Жеткилең элдин чанданын, / Же жарадар кетирбей, / Жер жастады барганын! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →