улуктук
- Башкарган адамдын абалы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Оторду сүрсөң бузук, деп, / Сатайды сүрүп салсаңар, / Улуктугу кызык, деп, / Элдин баары экөөңдү, / Жаман көрөт бузук, деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Улуктук колдо турганда, / Унутупмун силерди, / Ошол кезде эске албай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…еңи салынып, / Эр Манастын үйүнө, / Басып кирди далыйып, / Кыраандын баары ошондо, / Кырка отурган кырк чоро, / Эшиктен бийи киргенде, / Бары турду дүрбөшүп, / Улуктугун урматтап, / Төрдөн орун көрсөтүп, / Төрөлөр жакка өткөзүп, / Аш-тамагын татканда, / Дастарконун жыйганда, / Манас турду муну айтып: / — Кана, баатыр Ажыбай, / …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Атайлап келип баш уруп, / Тура албай Тете удургуп, / Буларды ойлойт кубулжуп: / “Улуктугун көрсөтүп, / Өкүм менен Куткарбас, / Сейитти тос дегени.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Бешбалыкта жүргөндө, / Улуктук өкүм сүргөндө, / Утур чыкты Токтосарт, / Ошол кезде бир күндө, / Кең Кашкардын четинен, / Артыш деген жеринен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →