улук2
- диал. Саздуу жерге өсүп, сүйрү баш чыгарып, анысы бышканда өзүнөн өзү чачырап кете турган өсүмдүк.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Өзү манжу уругу, / Өз жеринде жүргөндө, / Эки шаардын улугу, / Уутаң деген бар эле, / Беттешкенин кетирбей, / Алып жүргөн жан эле, / Аркасынан Калдыкты, / Кайтарып жүргөн чагы эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Аскерин сапка тизилтип, / Барабанын кактырып, / Сурнайларын тарттырып, / Дабытайды караса, / Жөө аскерге көтөртүп, / Бар сөөлөтүн көрсөтүп, / Келип турду майданга, / Кененим деп бакырып, / Кебимди ук деп чакырып: / — Мен Дабытай улукмун, / Сенин алың ошобу, / Жалгыз башың турушуң?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
— Мунун Манастыгы чын экен, / Атын Манас койуптур, / Өзү да Манас уул экен, / Ушалансын улуктар, / Эл башкарчу бул экен, / Баралына келгенде, / Падыша болчу бала экен, / Ушул бүгүн турушу, / Падышача бар экен, / Букарада не жазык, / Кыл дегенин кылганбыз, / Кызыталак хандардын, / Айтканын кандай кылбайбыз.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Улугубуз Орусхан, / Кошуп берип Гүлнарды, / Бизди мында жумшаган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Караколдон улуктар келет...
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →