улу
- Көбүнчө карышкырдын же иттин созуп үн чыгаруусу.
- Созулуңку уңулдоо (мис, ыйлаганда).
- өт. Ызылдаган, зуулдаган созулуңку үн чыгаруу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Үзөңгүгө асылып, / Арсылдаган канчасы, / Улуп-уңшуп ажылдап, / Ыжылдаган мынчасы, / Кудай бетин көрсөтпө, / Алты жүз тайган ажылдап, / Бир кишини камаса, / Баатыр минген Майтору, / Жылкыдан сыны бир башка, / Аны…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Мен ооган туруп бир башка, / Таластыктан улупмун!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Хан Дабытай, Ачакан, / Кандай күндү көрөбүз, / Ач кыйкырык, куу сүрөөн, / Карышкырдай улуган, / Үнү ачуу бул журттан?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Үч жашка чыккан кезинде, / Тун кызын алды Шукшур дөө, / Экинчи кызын бир жашта, / Тартып кетти ушул дөө, / Андан кийин тууганын, / Арадан кырк өткөрбөй, / Алып кетип туруптур, / Жылда тууса, жылда жок, / Кайыпчал менен катыны, / Куу бөрүдөй улуптур, / Жетинчи бала тууларда, / Акыл ойлоп туруптур.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Чачыкей албай куруп кал, / Кара жүз сени көрбөйүн, / Кара жолдо улуп кал!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →