улоо2

китептерде 7 жолу, 3 китепте
  1. Унаа.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Мадыбектин үйүндө, / Калемкаш деген күңү бар, / Шектенип айткан кеп болсо, / Чечип айтып ийичү, / Өтүмдүү кызыл тили бар, / Аты күңдүн Калемкаш, / Серпөөлөнүп каш серпип, / Улоо аттай ыргыштап, / Кыйа басып кылт берип, / Сүйлөгөнгө өтө маш, / Ошо кезде Калемкаш, / Он алты менен он жети, / Ортосуна чыккан жаш. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Жарлык кылып элине, / Тогуз миң улоо камдады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Суурултуп минип улоодон, / Суу укурук колго алып, / Сүрөт эле мени, деп, / Куйругуң салып сыртыңа, / Кутуруп ойно эми, деп, / Жылкыга айткан дагы бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Карматып келип улоону, / Үстүнө токум тарттырды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Серек, Сыргак жаш эле, / Сыргагым жылкы баш эле, / Тышка кебек алдырбас, / Улоого нокто салдырбас, / Өзү чыйрак бала эле, / Серегим боору таш эле, / Ача туйак малыма, / Алтымыш үйгө баш эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →