улар2
- Уланып өөрчүп кетүү, ырбап кетүү, күчөп кетүү (көбүнчө оору жөнүндө).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Адырдан бөрү, түлкү алып, / Кышында ичик кылсак, деп, / Азаматтар мүлк алып, / Капкан жайып бел- белге, / Тузак койуп булукка, / Шибе кармап уларга, / Чарба баккан элдердин / Эрмеги ушул буларда.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Аккан суусу шар экен, / Аппак сүтү, кымыз дары экен, / Жетпесе ажал өлтүрбөс, / Дары чөптөр бар экен, / Улар деген улуу куш, / Ушул жерде көп экен, / Улардын эти медеткер, / Аркардын эти себепкер, / Муунга дары бугу эти, / Кашкулак өтү табылбайт, / Коросон, испан деге…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
Элемандын Көкчөлгө, / Буткул-буткул көп көлгө, / Жай албастан кечкече, / Жакын кирип келген кез, / Кара кыргыз уланы, / Хан Жакыптын Сыргагы, / Абакеңиз эр Бакай, / Ар неме бар ниетинде, / Жүрүүчү экен жол тосуп, / Уларлуу таштын бетинде, / Абакең Бакай караса, / Келе жатат бир караан, / Күн шашике мезгилде.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Төшүнө кайып жайылган, / Кай бирден келип жыйылган, / Чөптүү жерге капташса, / Капталдан келип жиреген, / Кайыңы көктү тиреген, / Чырпыгы бар чынардай, / Чынары бар мунардай, / Чымчыктары улардай, / Чымчыктардын үнүнө, / Чыдап бенде тура албай, / Талдары бар түркүктөй, / Таранчысы өрдөктөй, / Жалган айтып койбосом.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Кай жерлигин билбеди, / Бир жерге булар келгени, / Басалбай калды жадашып, / Бирин –бири карашып, / Күндө улар жүрүчү, / Басчу жолду талашып, / Жооруп кеткен таманын, / Ит каадасы жалашып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →