уланды
- Бир нерсенин кошундусу, улап жалганган бөлүгү.
- Тексттин, сөздүн андан аркы бөлүгү, үзүндүсү, аягы.
- Сөз өзгөртүүчү мүчө.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Мен алам деп уланды, / Сыртынан жүргөн талашып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
Ай уланды, ай кетти, / Акылы айран калгындай, / Чигитей укту бир кепти: / “Каңгайдакы Оторду, / Батай, Катай кошулду, / Дөрбөн келип кол менен, / Каңгайдын жерин толтурду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Көрпөтоолоп басыптыр, / Чатыркөлдү кылаалап, / Кең Аксайды аралап, / Көбүргөндүн Корумташ, / Келинтайгак бел ашып, / Таракай менен айланып, / Жаңы жер менен Уланды, / Чөбү белден буралды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кызыл кумдун чөлүндө, / Хан Калчага беттешкен, / Каары келди жүзүнө, / Адам бакпай түшүнө, / Жыйырмада чунактын, / Күч уланды күчүнө.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
…ура, Чаткалга, / Катарлап тигип ак үйдү, / Чубата мамы орнотуп, / Чубуртуп ашкан күлүктү, / Талаага чаап кунанды, / Талашып тарткан көк бөрү, / Тамылжып жаткан уланды, / Бой жасап жүргөн кыздарды, / Акыректе чоң сөйкө, / Алтындан чачпак сооруда, / Ар түрлөнүп кубулган, / Арген үндүү келинди, / Жаакташ менен Майбулак, / Жараш…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →