улама2
- Бири-бирине улап жалгаштырылган, жалгама.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кыргыз барып чыгышка, / Беш урук башы биригип, / Беттешип чыккан урушта, / Эбегейсиз жумушта, / Басып кирген кыргыздан, / Уламадан угушта, / Алманбет Чубак тең өлүп, / Музбурчак, Көкчө хан өлүп, / Кырк чоросу Манастын, / Ажыбай баштап көп өлүп, / Манас болуп жарадар, / Кыргыз болуп санадар…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Уламадан улады, / Укмуштуудан сурады, / Кары менен жашынан, / Узун кулак башынан, / Эрикпей Жакып сураптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Уламадан уккан кеп, / Түгөнөбү дүйнөдө, / Өрттөп муну ийсе да.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Уламадан укканды, / Учур бастан мен айтам, / Жашырбайын, жаппайын, / Жалганда болгон чынды айтам, / Акыл жетпей баш ооруйт, / Баштан айак чырды айтам, / Жалгандан жамап жазбайын, / Үйрөнүп алган ырды айтам.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Сабырдуу байбиче күл азык камдап, уулуна уламадан укканын баяндап түгөл айтып, батасын берип, Алтын-Көлгө жөнөттү.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →