улам
- Кайта-кайта, кайра-кайра.
- Соң, ошого карата, байланыштуу.
- Дагы, андан ары, барган сайын.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Эркекче кийим кийинип, / Белине кемер илинип, / Көзүнө сурма / тартынып, / Көзүнөн улам жаш чыгып, / Аарчыган болуп сурманы, / Көзүнүн жашы аарчынып, / Адагы келип турду эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Айлына түштү бай Жакып, / Айдап жылкы келе албай, / Улам оозун карманып: / — Олжо бергин, соога, — деп, / Кыргыз турса суранып, / Оорагым чыгат эле, — деп, / Чыгармак тургай оорагым, / “Чылбырына тийбе” – деп, / Мизимди менин жандырды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…ей колу таңууда, / Гүлчоро жатат багууда, / Бакай менен Каныкей, / Гүлчорону багышып, / Кандай заман болот, деп, / Бул Кутургур кагышып, / Айчүрөктү жиберип, / Улам кабар алышып, / Койкүрөң менен Сейитек, / Койуп чыкты жарышып, / Жетимиш миң Кутургур, / Жалгыз башы Сейитек, / Эрдик жолун талашып, / Алмадай болгон алтын баш…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Эл жайнап, дөңгө чыгып барат, биз эңкейип, жолдун ташын терген болуп элден улам кийиндеп, калып отурдук.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Мына ушуңдан улам "Катын жакшы - эр жакшы" деген лакап кыргыз элине тараган экен.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →