улак
- Эчкинин бир жашка чейинки төлү.
- Көкбөрү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Чигитей жүзүн көрө элек, / Торгой көрүп караанын, / Бурулуп төргө өтө элек, / Шыкаалаган тешиктин, / Түбүнөн басып кете элек, / Ак чөйчөккө суу алып, / Сары улагын дагы алып, / Ак сарыбашыл кой алып, / Ак боз бээден бирди алып, / Тайар кылып Көкөйү, / Камынып турган чыңданып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Сойлотуп Чубак эрлерин, / Пил менен калды булкушуп, / Тарткандай улак жулкушуп, / Тумшуктан Чубак алыптыр, / Тумшугун сууруп ала албай, / Туруп пили калыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Акылман туулган Керменбай, / Алдынан улак алпар, деп / Кырк баланы куптады, / Келинден тандап ыктуудан, / Кишиге жакын шыктуудан, / Так отузду жумшады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Улак тартчу немедей, / Жабдыгы жок колунда, / Найзасын жанга сүйрөтүп, / Жорго менен жойпутуп, / Кетип барат ченебей.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Эки улак кетип бара жатканда алдынан көк жал карышкыр каршы чыгып, оозун араандай ачып, эки улакка тап берет.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →