укум2
- Баш бармактын учунан баштап, сөөмөйдүн бүктөлгөн уурчугуна чейинки узундук аралык.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Укумуна тукуму.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Өрттөнүп өлгөн Манастын, / Өлбөгөн укум-тукуму, / Өөрчүп келет өрт болуп, / Арбып кеткен жери жок, / Бирден ашык көп болуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Үйдө жатып эр өлсө, / Казган көргө кирбейби, / Өлгөн күнү билбейби: / Эл үчүн өлгөн эр болсо, / Укумдан тукум унутпай, / Урпактар айтып жүрбөйбү, / Азыр өлгөн немедей, / Укканда ич күйбөйбү!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Манастын укум-тукумун, / Жээни менен тайыны, / Жерге жээги – баарыны, / Бирин койбой жалмайыт!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Ачып көзүн алайып, / Жан жагына каранып, / Атасы өткөн Манасты, / Айландырып эске алып: / — Айкөл атка кондуруп, / Адамдан артык шер кылдың, / Айры төштүү бет келбей, / Алптын баарын кем кылдың, / Айкөлдүн укум-тукумун, / Алашка кызмат кылдырдың, / Мен кептенген шордууну, / Маминтип элден кем кылдың!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →