укмуштуу
- Таң каларлык, сонун, шумдуктуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Лопнурдун чыгыш түндүгү, / Тообо-томук кылат дейт, / Ошондой өткөн жүргүнчү, / Чакмакташты Кетиркей, / Алдырып кетти Котенге, / Чакмакташ деген жер бар дейт, / Узун кулак укмуштуу, / Карылар айтат бул күндө, / Муну мындай таштайлы, / Жай таппаган Калдыктын, / Кармалганынан баштайлы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Укмуштуу киши Медеркан, / Маңдайынан сылады, / Билектен тамыр кармады, / Балага тийген кеселди, / Башка кебин салбады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Уламадан укканда, / Уккан экен Жакып бай, / Укмуштуулар Жакыпка, / Айткан кеби мамындай: / “Ар качан барсаң катынга, / Кабагың ачпай сурданып, / Теңдешиңе каар төккүн, / Кабагың бүркөп түр салып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Укмуштуу катын Айчүрөк, / Чай кайнатып берсин деп, / Периден тандап сулуудан, / Кырк кыз алып келгенби?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Бирок ушул кеп кандай укмуштуу болуп айтылып жатса да Кыргыз-Сайдагы малайларды көп коркунуч даарыган жок.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →