уккулуктуу
- Угууга жагымдуу, угумдуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Бадалдуу бетке миң койду жайып таштап, өзү тоонун кылда башынан таягын таянып эңиштеп туруп алып, теңи жок бийик уккулуктуу коңур үнү менен сайды жаңыртып бирде көтөрүп, бирде калтыратып барып, салып кеткенде дүйнөдөгүнүн баары мырс этпей, жалгыз ошону тыңшап тургандай болуучу.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Кээ бир жерлерде курсак ачып, анын үстүнө келечек күнүбүз алда кандай болоор экен деп ойлоп, эңсебиз түшүп, жүрбөй келе жатканда ушу бир уккулуктуу кылып ырдап, көңүлүбүздү көтөрүп таштаар эле.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →