уйчу
- Уй багуучу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жылкычы менен койчулар, / Төөчү менен уйчулар, / Тойго келсин айтыңар, / Малчылар тойдон баргыча, / Кабар алсын малынан, / Кутубайдын баласы, / Кара дөөдөй алпыңар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Эчки бакан абышка, / Текесин минип ашыгып, / Тушуман өтүп кеткиче, / Бир атты чаап калсам, деп, / Дегеле жаман шашылып, / Уй кайтарган уйчулар, / Бултулдатып букасын, / Бу да жөнөп алыптыр, / Төө кайтарган төөчүлөр, / Ар качан күлүк ушул деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Уйчу күн бүркөк болсо да кеч жакындаганын сезгендей узун камчысын булгалап, ышкырып, айдай баштады.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Ушу жерден биз эки уйчу, эки музоо-чу болуп,— төрт киши тура калып, уйларды бир бөлөк, музоолорун бир бөлөк кылып, ийрип турабыз.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Карчыга андан кийин уйчуга, төөчүгө, жылкычыга барат, алар да алып чыга албайт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →