уйпала

китептерде 26 жолу, 8 китепте
  1. Бир канча ирет уйпоо, жапырып, иретсиз чаташ абалга келтирүү, бырыштыруу.
  2. өт. Жок кылуу, жоготуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Учурган немесин, / Арбагы Манас жар болсо, / Уйпалап көргө тыгайын, / Коргондо атам Саламат, / Карабуура, Чаткалдан, / Күмбөзгө карай басканын, / Алдынан тосо чыгайын”, / Деп ойуна алганы, / Найзаны ыргап кармады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Бүткөн бойу жуурулуп, / Айланып көөнү кирдесе, / Салкын шамал жок жерде, / Сүт болбосо ичерге, / Ошондой жерге түшпөсө, / Ысык урган эгиндей, / Үрпөйүшүп жүдөсө, / Уйпаланган бул кыргыз, / Ошондо жооп бербесе, / Салкын жерде кыргыздар, / Баш берээр эмес дегеле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Ошол жердин өзүндө, / Калмак, кытай эли бар, Уйпаланбай көчкөн журт, / Ошондо чөптүн кени бар, / Айак жарды дегендин, / Миңден артык малы бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Саламатты Кененим, / Ачык сырын билгенде, / Жоготуп койду уйпалап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Мынабу топту аралап, эки ийниндеги пагондорун жаркылдатып, шапкасын чакыйта кийип, чочконун кылындай тикийген катуу сүрдүү мурутун чыйратып, элди чүйлүсү менен карап, көк шиберди уйпалап, тынбай ары-бери басып турган ачуулуу, тыгырчык, семиз неме — пристав. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →