уйкулуу
- Уйкусу абдан ачыла элек, уйкусу канбаган бойдон.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Каңгайдын атын укканда, / Калдайлап уран чыкканда, / Уйкулуу көзүн ачыптыр, / Карбаластап калыптыр, / Жыгылып мүргүп турушуп, / Кочкордой маңдай койушуп, / Далдастап булар турганда, / Алмамбет кылды жарлыкты: / — Ат–атыңды карма!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Нечен бир карлуу бороон, калайман түндөрдө почто келип калып, жылуу төшөктөрүнөн атып туруп, уйкулуу көздөрү менен чананын (почтонун) алдына чолокторун кошуп алып, жөнөгөн күндөрүн сураба...
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Ошондо кайдан жеткенин билбейм, айтор, уйкулуу көзүбүздү ача электе бир катын жетип келип, Беккул экөөбүзгө бирден таяк берип, эшикке жетелеп чыкты да:
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Эртең менен уктап жатсам бир кезде Василий мени түртүп ойготту да, уйкулуу көзүм менен жетелеп алган бойдон кетти.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →