уйку1

китептерде 173 жолу, 10 китепте уйку 2 →
  1. Белгилүү бир убакыттарда кайталанып туруучу, ой кызматын толук же жарым-жартылай токтотуучу физиологиялык тынчтык жана эс алыш.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Айтышкан сөздөн бузулуп, / Ата-баба кубаар сан, / Биз жаза баскан киши эмес, / Тынч алып жатпай үйүңө, / Кыдырдың жердин түбүнө, / Коросонду козгодуң, / Козгоп койуп кош болдуң, / Ооганды барып ойготтуң, / Уйкусун ачып оогандын, / Оголе кыйын шоктондуң. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Аскер түшүп жатышты, / Жан казанын асышты, / Уйкунун даамын татышты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Мен үмүт менен жол тостум, - / Ырамандын Ырчы уулу, / Ычкыры бапык кырк муундуу, / Өзү бейбаш шоктуу уул, / Айтып турган сөзү бул: / — Уйкудан калып түн катып, / Жол тосупсуң, жеңеке, / Келеби Кошой, келбейби, / Мен көрбөдүм дегеле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Күндүзү кечке куш салып, / Түнкүсүн жатып уйку алып, / Эр Семетей жүргөнбү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Кышында жолчулар түн баласында жарытып уйку көрбөйт. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →